Колл - борбор: 105

Араван районунда энергетиктер күз-кыш мезгилдерине кызуу даярдык көрүшүүдө

20 Август 2026 ж.

«КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Араван РЭТинде 2026-жылдын алты айында электр тармактарын жаңылоо, оңдоо жана жаңы объектилерди куруу боюнча бир катар иштер аткарылды.
Араван районунун калкын жалпысынан 8 жогорку чыңалуудагы көмөк чордон электр энергиясы менен камсыз кылат. Алардын ичинен 6 көмөк чордон 35/10 кВ, 2 көмөк чордон 110 кВ чыңалуудагы объект болуп саналат. Район боюнча жалпы 30 миң 537 керектөөчү электр энергиясын пайдаланат.
Аталган жогорку чыңалуудагы көмөк чордон аркылуу район аймагындагы жалпы 793 10/0,4 кВ көмөкчү чордон электр энергиясы менен камсыздалат. Анын ичинен 495 10/0,4 кВ көмөкчү чордон Араван РЭТинин карамагында болсо, 298 10/0,4 кВ көмөкчү чордон керектөөчүлөрдүн карамагында.
2026-жылдын алты айында катардагы оңдоо иштеринин алкагында 170,04 чакырым 10 кВ аба чубалгысы, 309,199 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы жана 203 даана 10/0,4 кВ ТП, КТП оңдолду.
Ошондой эле, 24,48 чакырым 10 кВ аба чубалгысына капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, 39 даана 10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчү чордон оңдолду.
2025-жылы С. Юсупова айыл өкмөтүнүн карамагындагы 8 даана көмөкчү чордон Араван РЭТинин балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилген.
Ал эми 2026-жылдын июнь айына чейин Достук айыл өкмөтү тарабынан 4 даана 10/0,4 кВ көмөкчү чордону Араван РЭТинин балансына өткөрүү боюнча кайрылуу түшүп, тиешелүү тартипте кабыл алынды.
2026-жылдын капиталдык курулуш планынын алкагында да бир катар иштер аткарылууда.
Алсак, Керме-Тоо айыл аймагында пландалган 0,7 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысынын ордуна 0,8 чакырым чубалгы курулду.
Достук, Төө-Моюн жана Дөбө-Коргон айыл аймактарында жалпы 2 чакырым 10 кВ аба чубалгысы реконструкцияланды. Ошондой эле Достук, С. Юсупова жана Чек-Абад айыл аймактарында 1,88 чакырым жаңы 10 кВ аба чубалгысы курулду.
Достук, Төө-Моюн жана С. Юсупова айыл аймактарында 4,3 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы толугу менен реконструкцияланды.
Мындан сырткары, Достук айыл аймагында кошумча КТП орнотулуп, эски шкафтарды жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Араван РЭТинин энергетиктери алдыдагы күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын даярдоо, керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында пландалган иштерди улантууда.