Араван районунда энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүшүүдө
18 Апрель 2025 ж.
2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштеринин алкагында “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Араван РЭТи тарабынан утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Учурда Төбө-Коргон жана Араван бөлүмчөлөрүндө утурумдук оңдоп-түзөө иштери КТПларда жасалууда. Бүгүнкү күндө, район аймагы боюнча төмөндөгү иштер аткарылды:
• 76 даана трансформатор техникалык кароодон өткөрүлдү;
• 0,4 кВ аба чубалгысында 121 км чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү;
• 10 кВ аба чубалгысында 31 км техникалык кароодон өттү;
• 5 даана КТП (комплекттүү трансформатордук пункт) техникалык кароодон өткөрүлдү.
2025-жылдын калган бөлүгүндө төмөнкү иштер пландаштырылган:
Техникалык тейлөө жана кароо:
• 364 даана трансформатор;
• 0,4 кВ аба чубалгысы – 499 км;
• 10 кВ аба чубалгысы – 329,33 км.
Капиталдык оңдоо:
• 10 кВ аба чубалгысы – 67 км;
• 75 даана КТП капиталдык ремонттон өтөт.
Капиталдык курулуш иштеринин алкагында:
• Жалпы 3 даана жаңы КТП орнотулат:
• 2 даана – Керме-Тоо айыл аймагына,
• 1 даана – Төбө-Коргон айыл аймагына.
10 кВ аба чубалгысында – 1,4 км курулуп, 60 даана электр мамычасы орнотулат.
• 0,4 кВ аба чубалгысы – 0,5 км курулуп, 117 даана электр тирөөчү орнотулат.
• 10 кВ чубалгынын реконструкциялоо (жаңылоо) – 1,5 км;
• 0,4 кВ аба чубалгысынын реконструкциялоо – 3,1 км;
• СИП өткөргүч – 3,5 км тартылат.
Мындан тышкары:
• 4 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат;
• 3 даана эскилиги жеткен шкафтар жаңыларына алмаштырылат.
Араван РЭТи тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул иштер аймактагы электр камсыздоонун сапатын жакшыртып, күз-кыш мезгилинде элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
Оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлүп, аяктайт.
Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроо жаралса күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору : 105; 1209;
+996 772 00 1209;
+996 702 00 1209
Вотсап: +996 556 00 1209