Колл - борбор: 105

Араванда энергетиктер күз-кышка даярдык көрүүдө

23 Апрель 2026 ж.

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоо жана элди үзгүлтүксүз жарык менен камсыздоо максатында коюлган планынын негизинде Кыргызстан боюнча күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында, Араван районунда быйыл 10 кВ аба чубалгыларында 2,23 км СИП өткөргүчтөрү тартылат.
Пландын негизинде 2026-жылга 1 даана кошумча трансформатор (ГКТП) орнотуу, 10 кВ аба чубалгысында (СИП-3) 2,23 км куруу, 10 кВ кабелдик чубалгысы 0,4 км куруу, 0,4 кВ аба чубалгысында (СИП-2) 0,70 км куруу, 0,4 кВ аба чубалгысында (СИП-2) 4,30 км реконструкциялоо, 10 кВ аба чубалгысы (СИП-3) 2,38 км реконструкциялоо жана 6 даана көмөкчү чордон(КТП) шкафын ГКТПга алмаштыруу каралган.
Бул иштер аткарылгандан кийин жаңы абоненттерди кошууга шарт түзүлүп, тармактагы жүктөмдөр тең салмакталат, чыңалуунун сапаты жакшырып, электр энергиясын жеткирүүнүн ишенимдүүлүгү бир топ жогорулайт.
Капиталдык жана техникалык тейлөө иштеринин алкагында 10 кВ аба чубалгыларынын жалпы 42 чакырымы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, анын 14,1 чакырымы бүткөрүлдү.
Техникалык тейлөө боюнча 366,415 чакырым пландалса, анын 50,27 чакырымы аткарылды.
Натыйжада эскирген тармактар жаңыланып, авариялык өчүүлөрдүн саны азайып, электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугу жана коопсуздугу жогорулайт, күтүлбөгөн мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет.
Көмөкчү чордондор (КТПлар) боюнча 75 даана капиталдык оңдоо каралып, 12си бүткөрүлдү. Ал эми 410 даана КТПга техникалык тейлөө жүргүзүлүп, анын ичинен 107си аткарылды. 0,4 кВ тармактары боюнча 504,797 чакырым техникалык тейлөө пландалып, 162,892 чакырымы иш жүзүндө аткарылды.
Жүргүзүлүп жаткан бул иштер күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталып, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Ош электр тармактары ишканасынын Араван райондук электр тармагынын энергетиктери тарабынан ишке ашырылууда. Ремонт иштери 2026-жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105,
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.