Колл - борбор: 105, 1209

Араванда районунда энергетиктер 90%га күз-кыш мезгилдерине даяр

26 Сентябрь 2024 ж.

  Ош электр тармактары ишканасынын Араван РЭТи тарабынан райондун Жаңы-Жол, Нур-Абад айылдарында жана Юсупов айыл өкмөтүндө жыгач тирөөчтөр жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырылып, КТП трансформаторлордо утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жасалып, жалпысынан күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү 90%га аяктап калды.
🔰Мындан тышкары, Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагындагы жогорку чыңалуудагы 10 кВ “Бостон” фидеринин эскилиги жеткен жыгач мамычаларын темир бетон тирөөчтөргө алмаштыруу иштерин жасалууда.
🔰Азыркы тапта аталган айыл аймакта жалпысынан 63 даана 0,4 , 10 кВтук бетон мамычалары орнотулуп бүттү.
🔰Авариялык кырдаалдын алдын алуу максатында 10кВ аба чубалгыларынын алдына өскөн бак-дарактарды кыйып, тазалоо иштери да жүргүзүлүүдө. Октябрь айында ремонттук иштер толугу менен аяктайт.
🔰Араван РЭТи боюнча 4 аймак бөлүмгө бөлүнүп, район боюнча 6 айыл өкмөтүн тейлейт. Абоненттердин саны 29517ни түзөт жана 27207 калк, 2310 калк эмес болуп бөлүнөт.
☎️Электр энергиясына боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыз болот.