Колл - борбор: 105

Ардагер энергетиктерге сый-урмат көрсөтүлдү

1 Октябрь 2026 ж.

1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында энергетика тармагында эмгектенип кеткен ардагерлерге көңүл бурулуп, аларды майрамы менен куттуктоо иш-чарасы уюштурулду.
Ишкананын профсоюз уюму тарабынан ардагер энергетиктер үчүн сый дасторкон уюштурулду.
Ош электр тармактары ишканасынын директору Марат Раймалиев ишкананын жалпы жамаатынын атынан ардагерлерди Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, энергетика тармагына көп жылдар бою үзүрлүү эмгек сиңиргендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Ардагер энергетиктердин басып өткөн эмгек жолу - бүгүнкү муун үчүн чоң тажрыйба жана өрнөк. Алардын кесипке болгон берилгендиги, жоопкерчилиги жана ак эмгеги энергетика тармагынын өнүгүшүнө өз салымын кошкон.
Ош электр тармактары ишканасы ардагер кызматкерлерин ар дайым урматтап, алардын эмгегин жогору баалайт.