Колл - борбор: 105

Аска бетине тирөөчсүз тартылган аба чубалгылары - Алайкуудагы уникалдуу инженердик чечим

17 Август 2026 ж.

Электр мамычалары орнотулбастан, аска беттери аркылуу тартылган аба чубалгылары жөнүндө уккан белеңиз?
Мындай өзгөчө инженердик чечим Кыргызстанда бир гана Ош облусунун Алайкуу өрөөнүндө кездешет.
Тоолуу аймакта жайгашкан Алайкуу өрөөнүндө электр энергиясын жеткирүүчү аба чубалгыларынын трассасы татаал жана кооптуу тилкелерден өтөт. Чубалгылардын айрым бөлүктөрү арча токойлорунун арасынан, кууш капчыгайлардан, таш кулоо коркунучу бар бийик аскалардан, кар көчкү жүрүүчү тилкелерден жана дарыялардын үстүнөн тартылган.
Өзгөчө көңүл бурууга арзый турганы - айрым жерлерде аба чубалгылары кадимки тирөөчтөрсүз эле аска бетине бекитилип өткөрүлгөн.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы тейлеген “Капчыгай - Ой-Тал” 35 кВ аба чубалгысынын №121 тирөөчүнөн №124 тирөөчүнө чейинки тилкесинде зым өткөргүчтөр аска-зоонун бетиндеги таштарга атайын трос аркылуу бекитилип, улоочу шаймандар менен бирге ПС-70 тибиндеги обочолонгучтардын жардамы менен тартылып өткөрүлгөн.
Бул ыкманын автору - ошол кездеги Ош электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматында эмгектенген Иминов Муслим Хаджимуротович.
Муслим Хаджимуротович 1972–1988-жылдары Ош электр тармактар ишканасында иштеп, жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматында эмгектенип, жетекчилик кызматтарга чейин жеткен.
Ал 1978–1979-жылдары “Капчыгай - Ой-Тал” аба чубалгысынын трассасын аныктоо жана долбоорлоо иштерине өзүнүн тажрыйбасы жана инженердик тапкычтыгы менен салым кошкон. Тоолуу шартта кадимки ыкмалар менен электр мамыларын орнотуу мүмкүн болбогон татаал тилкелер үчүн дал ушул чечим сунушталган.
“Капчыгай – Ой-Тал” 35 кВ аба чубалгысы 1976-жылы эксплуатацияга берилип, жалпы узундугу 28,69 чакырымды түзөт. Чубалгы боюнча жалпысынан 174 тирөөч орнотулган.
Бүгүнкү күндө аталган аба чубалгысын “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы тейлеп келет.
Алайкуунун татаал тоолуу шартында электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүгө багытталган бул инженердик чечим - энергетика тармагындагы адистердин тажрыйбасынын, тапкычтыгынын жана өз ишине болгон жоопкерчилигинин өзгөчө үлгүлөрүнүн бири.