АСКУЭ эсептегичтери - өлкөбүздү санариптештирүүнүн энергетикадагы маанилүү кадамы
21 Август 2026 ж.
Бүгүнкү күндө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан энергетика тармагын санариптештирүү багытындагы маанилүү долбоорлордун бири - АСКУЭ, кыргызча айтканда электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган системасына(ЭКЭАС) киргизүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Аталган иштердин жүрүшү менен таанышуу жана жер-жерлерде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу процессин уюштуруу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу Ош электр тармактары ишканасында иш сапары менен болду.
Иш сапардын алкагында Ош ЭТИне караштуу бардык РЭТтердин коммерциялык маселелер боюнча орун басарлары жана тиешелүү кызматкерлери менен жыйын өткөрүлдү. Анда МДМ тиркемесин колдонуу, ошондой эле электр эсептегичтерди (ЭКЭАСка) электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган системасына кошуу жана орнотуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
МДМ тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү
МДМ тиркемеси акылдуу эсептегичтерден алынган маалыматтарды аралыктан башкарууга жана көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Анын жардамы менен эсептегичтердин техникалык абалын көзөмөлдөө, көрсөткүчтөрдү алуу жана келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам аныктоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Ал эми АСКУЭ системасына кошулган акылдуу электр эсептегичтер электр энергиясын керектөөнү так эсептөөгө, маалыматтарды автоматтык түрдө алууга жана жоготууларды азайтууга көмөктөшөт. Мындан тышкары, керектөөчүлөр үчүн эсеп-кысаптын ачыктыгын камсыз кылып, электр энергиясын пайдаланууну көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүн, 21-август Кара-Суу РЭТинде 2026-жылга карата бөлүнгөн акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери башталды. Уларбек Дүйшө уулу акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди.
Быйыл Ош электр тармактары ишканасына акылдуу электр эсептегичтер толугу менен орнотулуп бүтөт.
Белгилей кетсек, АСКУЭ эсептегичтерин сатып алуу абоненттердин эсебинен жүргүзүлбөйт. Эсептегичтин өзү жана аны орнотууга байланыштуу бардык чыгымдар толугу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын эсебинен каржыланат.
АСКУЭ системасын кеңири киргизүү - энергетика тармагындагы санариптик трансформациянын маанилүү бөлүгү. Заманбап технологияларды колдонуу аркылуу электр энергиясын эсепке алуунун тактыгы жогорулап, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлөт.

Санариптүү энергетика - так эсеп, сапаттуу кызмат жана ишенимдүү келечек!