Балдардын жүзүнө кубаныч тартууланды
1 Июнь 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы жана профсоюз уюму тарабынан “1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө” карата энергетиктердин балдары үчүн өзгөчө майрамдык программа уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш жеткинчектер сахналаштырылган көңүл ачуучу шоуга катышышты. Программа балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталып, космос дүйнөсү тууралуу кызыктуу маалыматтар менен коштолду. Балдар оюндарга активдүү катышып, ырдап-бийлеп, жакшы таасирлерге бөлөнүп кайтышты.
Мекемеде балдарга арналган мындай майрамдык саамалыктар жыл сайын уюштурулуп, кичинекей бөбөктөрдүн кубанычына себеп болуп келет.
Балдар - ар бир үй-бүлөнүн бактысы, өлкөнүн келечеги!