Колл - борбор: 105, 1209

Барак айылына электр эсептегичтер орнотулууда

30 Сентябрь 2024 ж.

  “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи Ош облусунун Ала-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу жаңы түзүлгөн Барак айылына электр щиттери, кабель жана электр эсептегичтерди орнотуп жатышат.
 
 Жалпы 101 абонент болсо, анын ичинен 82 үйгө орнотулуп бүтүп, орнотуу иштери улантылууда.
 
 Буга чейин аталган айылга Кара-Суу РЭТи тарабынан 1,7 км жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы курулуп, кубаттуулугу 630 КВА КГТП трансформатор орнотулган. Ошондой эле 1,5 км төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгылары тартылган.
 
 Бүгүнкү күндө Барак айылы толугу менен электр энергиясы менен камсыз кылынды.