Башкы директор жумуш сапары менен Ош облусунда болду
1 Февраль 2025 ж.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков жумуш сапары менен Ош электр тармактары ишканасында болду.
Башкы директор Ош электр тармактары ишканасынын актылар залында жыйын өтүп, ишкананын ийгиликтерин, жетишкендиктерин айтып, 2025-жылга карата пландуу иштер боюнча бир катар маселелерге токтолду. Акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу, күз-кышка даярдык боюнча ремонт иштери, капиталдык курулуш иштери жана жалпы жумуштар боюнча өз убагында иш алып баруу жана бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле, жумуш сапардын алкагында облус аймагындагы анын ичинде Ош шаарындагы акылдуу электр эсептегичтердин(АИСКУЭ) коюлушу боюнча аткарылып жаткан иштерден жеринен кабар алып, сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү боюнча милдеттендирди.
Алтынбек Дурусбекович мекеме кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип, айтылган маселелердин чечүү жолдорун убадалады.