Колл - борбор: 105, 1209

Болочок энергетиктер Ош электр тармактары ишканасында

8 Октябрь 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин энергетика багытындагы бүтүрүүчү курсунун студенттери үчүн тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду.
Келечектеги энергетиктер алгач мекемеде техникалык коопсуздук эрежелери менен таанышышты. Андан соң 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонуна барып, анын иштөө тартиби тууралуу маалымат алышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттерге ишкананын жалпы түзүмү жана көмөк чордондун ишмердиги тууралуу Көмөк чордондор кызматынын башчысынын орун басары Азамат Джамшидов кеңири түшүндүрмө берди.
Жолугушуунун соңунда студенттер менен “Ош электр тармактары” ишканасынын жетекчилиги ортосунда окуу жайды бүткөндөн кийинки иш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.
______________________________
Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы✍🏻