Колл - борбор: 105, 1209

Быйыл Ош электр тармактары ишканасы 1 673 чакырым аба чубалгыларын тейлөөгө алат

10 Апрель 2025 ж.

  2025-жылдын ичинде “КУЭТ” ААКнын филиалы — Ош электр тармактары ишканасынын Жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары кызматы тарабынан жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларга капиталдык жана учурдагы ремонт иштери жүргүзүлөт.
 
Пландалган жумуштардын алкагында төмөнкүлөр камтылган:
Капиталдык ремонт иштерине ылайык:
• 35 кВ – 3 даана аба чубалгы, жалпы узундугу 29,58 км
• 110 кВ – 3 даана аба чубалгы, жалпы узундугу 35,8 км
• 220 кВ – 4 даана аба чубалгы, жалпы узундугу 303,39 км
Учурдагы (текущий) ремонт иштерине ылайык:
• 35 кВ – 57 даана аба чубалгы, жалпы узундугу 652,557 км
• 110 кВ – 28 даана аба чубалгы, жалпы узундугу 573,995 км
• 220 кВ – 5 даана аба чубалгы, жалпы узундугу 77,8 км
Жалпысынан 2025-жылы тейлөөгө алынуучу жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар 1 673,122 кмди түзөт.
 
  Мындан тышкары, иштер 5 жана 10 жылдык пландык мөөнөттөргө ылайык уюштурулуп, 2025-жылы ЖЧАТ кызматы тарабынан 15 100 даана обочолонгучтарды (изоляторлорду) алмаштыруу пландалган жана оңдоо компаниялары башталгандан бери иш жүзүнө ашырылууда.
 
  Бүгүнкү күндө, Ош шаарындагы 35 кВ кубаттуулуктагы Ош-3 Ак-Буура аба чубалгыларында 100дөн ашык мөөнөтү жетип эскирген обочолонгучтар алмаштырылды. Бул сыяктуу пландуу иштер ушул жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.
 
  Бул иштер аймактагы электр энергиясын туруктуу жана коопсуз берүү максатында ишке ашырылууда. Электр тармактарындагы үзгүлтүксүздүктү камсыз кылуу, авариялык абалдардын алдын алуу жана жалпы техникалык абалды жакшыртуу — негизги максаттардын бири болуп саналат.
 
Электр энергиясына байланыштуу суроо жаралса маалымат үчүн байланыш:
Колл-борбору : 105; 1209;
+996 772 00 1209;
+996 702 00 1209
Вотсап: +996 556 00 1209