Быйыл Ошто энергетикалык 6 имарат курулуп, 14 имарат капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлөт
15 Май 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев буга чейинки Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Ош электр тармактары ишканасына тиешелүү жаңы имараттарды куруу жана эскилерин оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тийииштүү жетекчилерге тапшырма берген.
Министрдин тапшырмасына ылайык быйыл Ош электр тармактары ишканасында 6 имарат курулуп, 14 имарат капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.
2025-жылы жалпы жети курулуш объектиси пландалган. Алардын алтоо төмөнкүдөй административдик жана кызматтык имараттардан турат:
1. Салам-Алик,
2. Куршаб,
3. Сары-Таш,
4. Отуз-Адыр - участкалык бөлүмдөрдүн административдик имараттары.
Мындан тышкары:
5. 35/10 кВ “Ой-Тал” көмөк чордонунда кызматтык үй курулат.
6. 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонуна электр слесарларына арналган кызматтык имарат курулат.
Бүгүнкү күндө 4 участкалык бөлүмдүн (Салам-Алик, Куршаб, Сары-Таш, Отуз-Адыр) курулуш иштери боюнча келишимдер түзүлүп, жумуштар башталуу стадиясында.
Ал эми “Ой-Тал” жана “Узловая” көмөк чордондорундагы кызматтык объектилерге байланыштуу долбоорлоо иштери жүрүп жатат.
Муну менен аталган ишкана тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып, жыйынтыгы көрүнгөндөрү дагы бар. Алардын катарын төмөнкүлөр толуктайт.
Бүгүнкү күндө төмөнкү объектилердеги иштер толук бүткөрүлдү:
• Ноокат РЭТинин тейлөө борбору,
• Өзгөн РЭТинин административдик имараты,
• Жазы участкалык бөлүмү.
Иш жүрүп жаткан объектилер:
• Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемеси,
• Кара-Суу РЭТинин өндүрүштүк имараттары.
Ал эми быйылкы жылга коюлган планга ылайык жалпысынан 14 объект капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.
Капиталдык оңдоо иштерине кирген объектилер:
1. Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемеси,
2. Ноокат РЭТинин тейлөө борбору,
3. Өзгөн РЭТинин Жазы участкалык бөлүмү,
4. Өзгөн РЭТинин административдик имараты,
5. Кара-Суу РЭТинин өндүрүштүк имараттары,
6. Ош ЭТИнин лабораториялык бөлүмүнүн бөлмөсү.
Бул объектилердеги оңдоо иштери келишимдин негизинде жана “Оңдоп куруу бөлүмү” тарабынан аткарылууда.
Утурумдук жана атайын оңдоолор:
7. Ош РЭТинин трансформатор оңдоо цехи,
8. Кара-Кулжа РЭТинин трансформатор оңдоо цехи,
9. Араван РЭТинин “Пахтачы” участкалык бөлүмү,
10. Ош ЭТИнин оңдоп куруу цехинин чатырчасы,
11. 110/35/10 кВ “Кара-Суу” көмөк чордонундагы механикалык устакана (мастерская),
12. ЦРП бөлүмүнүн имараты — булар утурумдук оңдоодон өткөрүлөт.
Жогорудагы белгиленген жалпы курулуш жана оңдоо иштери 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү пландалууда.