Колл - борбор: 105, 1209

Чоң-Алай райондук электр тармактарында күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери кызуу жүрүп жатат

25 Сентябрь 2023 ж.

Чоң-Алай райондук электр тармактарында күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери кызуу жүрүп жаткан кези
🔸Азыркы учурда Чоң-Алай РЭТинин Дароот бөлүмүндө катардагы оңдоп-түзөө иштери боюнча электр мамычаларын, аба чубалгыларын жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Чоң-Алай РЭТи Дароот, Жекенди жана Кашка-Суу бөлүмдөрү болуп, 3 бөлүмдөн турат.
🔸Капиталдык ремонттун негизинде Жекенди айыл өкмөтүндө 9 км аба чубалгысы курулуп, ошондой эле ушул айдын башынан бери Кашка-Суу бөлүмүнө 2 кошумча көмөк чордон коюлуп, ишке кирүү алдында турат.
🔸Чоң-Алай району боюнча жалпы 4 965 электр энергиясын керектөөчү абонент бар. Учурда Чоң-Алай РЭТинде авариялык кырдаалдар дээрлик көп кездешпейт.