Чоң-Алай районунда 600дөн ашуун электр мамычалары алмаштырылат

22 Апрель 2024 ж.

  “КУЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Чоң-Алай РЭТинде күз-кыш мезгилдерине даярдык жүргүзүлүп жатат.
 
   Капиталдык курулуш иштери жасалып, Дароот Кара-Кыя фидеринде эскилиги жеткен жыгач электр мамычалары бетон мамычаларга алмаштырылууда. Быйылкы жылга аталган райондо 600дөн ашуун темир бетон мамычалары орнотулат.
 
  Ошондой эле, 3 кошумча көмөк чордон коюлуп, Жекенди аба чубалгысынан 22 км 10кВтук аба чубалгы Жекенди айылына чейин тартылат, Кашка-Суудан 2 км аба чубалгысы Ачы-Суу айылына чейин тартылат. Дароот Кара-Кыя фидеринен 6 км аба чубалгысы Дароот, Кара-Кыя айылдарында структуралык калкама өткөргүчтөргө(СИП) алмашылат.
 
   Жалпысынан район электр тармагы 3 бөлүмдөн турат жана 4965 электр энергиясын керектөөчү абонент бар. Чоң-Алай районунда кыш көпкө созулганы менен авариялык өчүүлөр дээрлик катталбайт.
 
   Пландуу ремонт иштерине байланыштуу болуп жаткан өчүрүүлөр жөнүндө oshpes.nesk.kg сайтынан алдын ала маалымдалат, ошондой эле электр энергиясына байланышкан суроолор боюнча 105 колл-борборго кайрылсаңыздар болот.