Колл - борбор: 105

Чоң-Алай РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда

14 Август 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Чоң-Алай РЭТинде 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча бир катар иштер аткарылууда.
2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен 0,4–10 кВ электр тармактарын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча белгиленген иштердин физикалык көлөмү толугу менен аткарылды.
Оңдоо иштеринин алкагында 5 даана көмөк чордон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Ал эми техникалык тейлөө иштеринин жүрүшүндө 50 даана көмөк чордон тейлөөдөн өткөрүлдү. Мындан тышкары, 6–10 кВ аба чубалгыларынын 101,638 чакырым, 0,4 кВ аба чубалгыларынын 54,93 чакырым аралыгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Ошондой эле район аймагындагы жолдорду кеңейтүү иштерине байланыштуу электр тармактарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 26 даана электр мамычасы жылдырылды. Мындан тышкары, капиталдык ремонт боюнча кошумча 30 даана мамыча алмашылды.
Аткарылып жаткан оңдоо жана техникалык тейлөө иштеринин негизги максаты - Чоң-Алай районундагы электр жабдууларынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу, электр тармактарындагы авариялык учурларды азайтуу жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзүү.
Чоң-Алай РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер белгиленген графикке ылайык улантылууда.