Чоң-Алай РЭТине жаңы экскаватор тапшырылды
4 Июль 2025 ж.
“КУЭТ” ААКтын Ош электр тармактары ишканасынын директору Тилек Жолдубай уулу Алай жана Чоң-Алай РЭТтерине болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай РЭТине жаңы экскаватордун ачкычын расмий түрдө тапшырды.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев “КУЭТ” ААКка жаңы атайын техникалардын ачкычтарын тапшырган. Бул техникалардын ичинен экөө Ош электр тармактары ишканасына ыйгарылган, алардын бири — экскаватор — Чоң-Алай РЭТине бөлүнүп берилди.
Техниканы тапшыруу учурунда Тилек Жолдубай уулу бул экскаватор Чоң-Алай району сыяктуу тоолуу жана алыстагы аймактарда электр тармактарына үзгүлтүксүз тейлөө жүргүзүүдө чоң жардам болорун белгиледи. Ал мындан ары да РЭТтердин техникалык жабдылышын жакшыртуу жана кызматкерлердин иш шартын жеңилдетүү — ишкананын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, жетекчи Алай РЭТинин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип, Чоң-Алай РЭТинин Кашка-Суу участкасындагы МДС фидеринде жүрүп жаткан ВЛ-10 кВ аба чубалгысынын 1 км реконструкция иштерин жеринен көрүп чыкты. Ошондой эле жаңы курулуп ишке берилүү алдында турган ВЛ-35 кВ Дароот-Коргон — Жар-Башы аба чубалгысынын абалы менен да таанышып чыкты.
Иш сапардын алкагында РЭТтердин административдик имараттарында жыйын өтүп, анда директор аймактык бөлүмдөрдүн ишинде ыкчамдык менен сапаттуу тейлөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал кызматкерлерге кайрылып, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу — жоопкерчиликтүү жана негизги милдет экенин эскертип, ар бир аткарылган иш жарандардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир тийгизерин баса белгиледи. Аны менен катар эле күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштерин активдүү жүргүзүү боюнча тапшырма берди.