Колл - борбор: 105, 1209

Чоң-Алайдагы аба чубалгылары оңдолууда

12 Май 2023 ж.

2022-жылдын 25-ноябрында биринчи элдик курултайда каралып, президенттин атайын  тапшырмасынын негизинде  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндөгү Карамык айылынан Каратейит айылына чейинки 10 кВтук аба чубалгыларын  реконструкциялоо жумуштары башталды. Чоң-Алай РЭТнин кызматкерлери оңдоп түзөө иштерин жүргүзүшүп жатышат, жалпы 7 км аба чубалгысынын  4 км аралыгына опоралар дээрлик коюлуп бүттү.