Колл - борбор: 105, 1209

Директор РЭТтердеги күз-кышка даярдык менен жеринен таанышты

8 Август 2024 ж.

“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов Чоң-Алай, Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат РЭТтерине барып, күз-кыш мезгилдерине карата жүргүзүлүп жаткан ремонт иштеринин жүрүшү менен жеринен кабар алды.
 
РЭТтердин адмнистративдик абалы, электр шаймандарын сактоочу цех, аба чубалгылардагы жана КТПлардагы жүрүп жаткан капиталдык ремонт жана курулуш иштери менен таанышып, ыкчам жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү адистерге тапшырмаларды берип кайтты.