Колл - борбор: 105, 1209

Электр аспаптарын акылдуулук менен колдонуу батирде же үйдө жарыкты керектөөнү 30%га төмөндөтүп, коммуналдык кызматтардын эсебин азайтат

3 Июль 2023 ж.

Электр аспаптарын акылдуулук менен колдонуу батирде же үйдө жарыкты керектөөнү 30%га төмөндөтүп, коммуналдык кызматтардын эсебин азайтат. Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу үчүн үйдөгү аспаптарды кантип колдонуу керектигин бизге Бишкек электр тармактары мекемесинин электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Тахир Токтосунов айтып берет.
🔹Аристондордун заводдон чыкканы да, колго жасалганы да электр энергиясын көп сарптайт.
“Негизги сарптоо сууну керектүү температурага чейин ысытып жаткан учурга туура келет. Андан кийин аспап суунун температурасын бир калыпта сактап туруу үчүн сайылып турат. Мына ошондуктан, аны да керектүү учурда гана туташтырып турган оң”, – деди ал.
🔹Күтүү режими да электр энергиясын үнөмдөөгө жардам бербейт.
Электр аспаптары өчүрүлүп, бирок түйүндөн толугу менен суурулбаган учурда да электр энергиясын жейт. Эгерде үйдө сайылып турган мындай бир нече аспап боло турган болсо, бир ай ичиндеги электр энергиясынын баасы кыйла жогору чыгышы мүмкүн.
🔹Персоналдык компьютер иштетилбей бирок туташтырылып турган убакта 1,3 ватт, ал эми монитор 23 - 0,8 ватт сарптайт. Микро толкундуу меш 1,6 ватт жейт. Андагы энергия жарык берип турган саатка кетет. Мульти тамак бышыргыч 1,4 ватт, ал эми эки контрдуу казан - 2 ватт сарптайт.
Өчүрүлүп, бирок толугу менен суурулбай турган телевизор дагы көп энергия сарптайт. Бул экранда күйүүчү кичинекей кызыл жарыкчага байланыштуу. Себеби, ал дагы электр энергиясын керектейт. Бирок, мындай абалда чайнек, тостер жана стол лампасы деген аспаптар электр энергиясын дээрлик сарптабайт.