Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ош электр тармактар ишканасында кеңешме өткөрдү
13 Октябрь 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ош электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, райондук электр тармактарынын башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча баяндамалар угулуп, пландалган иштердин аткарылышы, электр тармактарын модернизациялоо, электр энергиясын эсепке алуучу интеллектуалдык приборлорду орнотуу жана санариптик чечимдерди киргизүү маселелери каралды.
Алтынбек Рысбеков алдыга коюлган милдеттерди өз убагында аткаруунун, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүнүн жана ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Министр ошондой эле кызматкерлердин пикирлерин жана сунуштарын угуп, жумуштагы маселелерди ачык талкуулоонун жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Кеңешменин жыйынтыгында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткаруу тапшырылды. Кеңешмеден кийин министр кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн кыдырып, алардын эмгек шарттары менен таанышты.