Энергетика министри Т.Ибраев: Энергетика тармагы боюнча Элдик курултайда айтылган маселелер ишке ашырылып жатат
24 Июль 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен барып, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы “Кулатов” участкасынын ачылыш аземине катышты. Аталган участка Энергетика министрлигинин демилгеси менен “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан курулуп, жалпы сметалык баасы 7 130,0 миң сомду түздү. Бул объект авариялык өчүрүүлөрдү ыкчам калыбына келтирүүгө шарт түзөт.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Ноокат районундагы “Абшыр-Кулатов” 35 кВ электр берүү аба чубалгысынын жана 35-10 кВ “Кулатов” көмөк чордонунун курулушуна мезгил кутучасын салды. Аталган көмөк чордонду куруу маселеси ll Элдик курултайда көтөрүлгөн.
Энергетика министрлиги элдин талабын ишке ашыруу максатында, аталган көмөк чордондун курулуш иштерин баштады. Бул объект ишке киргенден кийин, Кулатов айыл өкмөтүнүн карамагындагы Кожо-Арык, Баглан, Абшыр айылдарына кошумча 10 кВ аба чубалгысы курулуп, туруктуу электр энергиясы менен камсыз болушат. Көмөк чордонду куруунун сметалык баасы 20 млн сом, ал эми 35 кВ аба чубалгысына 10 млн сом каралган. Курулуш иштери толугу менен “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланат.
Мындан тышкары министр Т.Ибраев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен биргеликте Ош шаарында электр энергиясынын керектөөсү былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 15 пайызга көбөйгөндүгүнө байланыштуу, 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунун кубаттуулугун жогорулатуу максатында, 200 МВА кубаттуулуктагы автотрансформатордун ордуна, 250 МВА автотрансформатор орнотулуп, аны ишке киргизүү иш-чарасына катышты. Бул көмөк чордондун кубаттуулугун көтөрүүнүн максаты - түштүк аймагында керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергияны берүү үчүн жасалган иш болуп саналат.
Андан соң быйыл КРнын Министрлер Кабинети тарабынан ишке киргизилүүчү 100 объектинин катарын толуктаган Ош шаарындагы “Темир-бетон тирөөчтөрүн жасоо цехинин” курулушу менен таанышты. Учурда цехти ишке киргизүүгө 95 пайызга даяр. Расмий ачылыш аземи 31-августта өткөрүлөт. Цех заманбап бетон аралаштыргычтар, вибропресстер, буулоо камералары жана оор буюмдарды ташуу үчүн жүк көтөрүүчү тельфер менен жабдылган.
Ал эми иш сапарды улай энергетика министри менен Ош шаарынын мэри шаардын Кең-Сай массивинде жайгашкан, убагында 2015-жылы курулуш иштери башталып, бирок аягына чыкпай калган эски көмөк чордонду жеринде көрүп чыгышты. Кең-Сай аймагында 3000ге жакын элге турак жай салууга жер тилкеси берилген. Бирок жергиликтүү тургундар электр энергиясынын жоктугунан улам, ал аймакта жашоого мүмкүнчүлүк жок экенин билдиришкен.
Мэр Ж.Токторбаев энергетика министри Т.Ибраевге бул көмөк чордонду кайрадан жаңылап куруп, ишке киргизип берүүнү өтүндү. Министр жеринде чечим кабыл алып, көмөк чордонду 2025-жылдын аягына чейин ишке киргизип берүүнү убада кылды.
Аны менен катар министр Ош облусунун 2025-2026-жылдарга карата алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты текшерди. 2025-жылга коюлган пландарды ишке ашыруу боюнча бир катар объектилерди текшерди.
1- Ноокат РЭТинин капиталдык ремонттон өткөрүлгөн калкты тейлөө борбору менен таанышып, Кичи-Алай Кожокелең аймагындагы 1371 абонентти интернет менен камсыз кылып, “Мой свет тиркемесине өткөрүү боюнча тапшырма берди.
2- Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин жаңыдан капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имараты менен таанышып, калган жумуштарды тез арада бүткөрүүнү эскертти.
3- Кара-Суу РЭТинин жаңыдан капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынан кабар алып, имараттын сапаттуу бүткөрүлгөндүгүнө жогорку баа берди. Мындан тышкары, энергетиктердин маселелерин угуп, жакында атайын техника бөлүп берүүнү убада кылды.
4- Өзгөн РЭТинин толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имаратынан кабар алды. Имараттын алдына асфальт төшөө жана ирээтке келтирүү жумуштарын тездетип бүткөрүү иштерин тийиштүү айтып өттү.
Министр жалпы Ош электр тармактары ишканасына караштуу Райондук электр тармактарынын алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди. Маалыматка ылайык, учурда Ош облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 60%га даяр. Ошондой эле, аймакта акылдуу электр эсептегичтердин (АСКУЭ) орнотулуусу боюнча кабар алды. Эскерте кетсек, Ош облусу боюнча бүгүнкү күндө 54581 даана акылдуу электр эсептегич орнотулду. Калган 46 800 даана акылдуу эсептегичти жылдын аягына чейин орнотуп бүткөрүү тапшырмасы коюлду.
Соңунда министр Т.Ибраев Ош электр тармактары ишканасынын жетекчилигине күз-кыш мезгилине карата даярдык ишин сапаттуу жүргүзүүнү, калкты үзүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган долбоорлорду планга ылайык өз убагында ишке ашыруу керектигин билдирди.
Ош облусунун тургундарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда, энергетика тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош шаарынын Мэриясынын “Ардак грамотасы”, Ноокат жана Өзгөн райондук администрациясынын атынан “Ыраазычылык кат” менен сыйланды.