Колл - борбор: 105, 1209

Энергетика министри Т.Ибраев Ош электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты

15 Август 2023 ж.

Энергетика министри Т.Ибраев Ош электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты
🔰Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош электр тармактар ишканасынын Энергосбыт, Ош, Сулайман-Тоо, Алай, Чоң-Алай, Ноокат, Араван, Кара-Суу РЭТнин күз-кыш мезгилне карата даярдыгы менен таанышып, керектелүүчү материалдардын жана техниканын жеткиликтүүлүгүн текшерди.
🔰2022-жылдын 25-ноябрында өткөрүлгөн I-элдик Курултайында каралган маселелер аткарылып жаткандыгы боюнча кабар алды.
✅Мындан тышкары министр ар бир РЭТке өзүнчө токтолуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Алардын катарында төмөнкү маселелер каралды:
1.Сулайман-Тоо РЭТ:
Сулайман-Тоо РЭТинин балансына авариялык запаска трансформаторлорду көбөйтүүнү тапшырма берди.
2.Чоң-Алай РЭТ:
35:10 кВ “Жарбашы” көмөкчордонунан 10 кВ фидер “Жекенди” узундугу 10 кВ аба чубалгысы 27 км, чек ара заставасынын акыркы пайдалануучусу кыш мезгилинде чыңалуусу төмөн 140В болгондуктан, бул маселени чечүү үчүн 2,5 MВ жана ВЛ-35 кубаттуулуктагы 35/10 “Жекенди” көмөкчордонду куруу зарыл жана СИП 0.4 кВ өткөргүчтүн узундугу 6 кмге алмаштыруу зарыл.
3.Алай РЭТ:
Алай РЭТинин бөлүштүрүүчү зонанын базасында экинчи кабаттагы имаратты реконструкциялоо жолу менен жыйындар залы кылуу.
4.Араван РЭТ:
35/10 кВ Араван көмөк чордонуна 6300 кубаттулуктагы трансформатордун ордуна 10000 кубаттуулукта орнотуу. 35/10 кВ Парники көмөк чордонуна 6300 кубаттуулуктагы трансформаторду орнотуу. 35/10 Парники көмөк чордонунан Чек абад көмөк чордонуна 4000 кубаттуулуктагы трансформаторду орнотуу, ал эми Чек Абадтан чыккан 2500 кубаттуулуктагы трансформаторду Чоң Алай РЭТине орнотуу.
5.Ноокат РЭТ:
35/6 кВ «Абшыр» көмөкчордонуна кошумча экинчи 2,5 МВтык трансформаторду орнотуу зарыл. (ОшПЭСте 2,5 МВа трансформатор резервде бар).
6. Өзгөн РЭТ: 220/110/10 кВтук Исанов көмөк чордонунун курулушунун башталышы боюнча тапшырма берди.
✅Аны менен катар министр электр энергиясын сатуу бөлүмдөрүнө “Мой свет» тиркемесин тезинен ишке киргизип элдерге жеткирүү боюнча иш алып барууну, “Акылдуу” электр эсептегичтерди жана атайын изоляцияланган (СИП) өткөргүчтөрдү мөөнөтүнөн кечиктирбей орнотуу боюнча тапшырма берди.