Колл - борбор: 105

Энергетика министрлиги түштүк аймактын энергетикалык кубаттуулугун арттырган ири долбоорду ишке ашырууда

14 Май 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү багытындагы дагы бир ири стратегиялык долбоорду ишке ашырууда.

«Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү - I фаза» (KRED) долбоорунун алкагында Ош облусунда заманбап энергетикалык инфраструктураны куруу иштери пландалууда. Долбоор аймактагы электр энергиясына болгон суроо-талаптын жыл сайын өсүшүнө жооп берип, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган.

Долбоордун алкагында Өзгөн районунун аймагында 220/110/10 кВ “Исанов” көмөк чордонун жана 220 кВ, 110 кВ жогорку чыңалуудагы электр берүү аба чубалгыларын куруу каралган. Бул объектилер Ош облусунун энергетикалык инфраструктурасын бекемдеп, жаңы өнөр жай объектилерин, мамлекеттик ипотекалык турак жайларды, социалдык мекемелерди жана өндүрүш ишканаларын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Учурда долбоордук жана тендердик документтерди даярдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 110 кВ аба чубалгыларынын алдын ала маршруттары жана “Исанов” көмөк чордонунун долбоордук чечимдери иштелип чыккан. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык маалыматтарды чогултуу иштери уланууда.
Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, жалпы каржылоо көлөмү 35,5 млн АКШ долларын түзөт.

Министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан бул ири долбоор өлкөнүн түштүк аймагындагы энергетикалык инфраструктураны жаңы деңгээлге чыгарып, кайра жаралуучу энергия булактарын улуттук энергетикалык системага интеграциялоодо маанилүү кадамдардын бири болмокчу.

Долбоор толук ишке берилгенден кийин Ош облусунда электр энергиясынын сапаты жана туруктуулугу кыйла жогорулап, калкты жана ишканаларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.