ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ АЙЫМДАР
3 Март 2025 ж.
Алай РЭТинде эмгектенген 2 айымдын бири Асыл Залимбекова. Ал 1987-жылы 18-июльда Алай районунун Чоң Кара-Кол айылында жарык дүйнөгө келген. Маданият орто мектебин аяктаган соң, Ош технологиялык университетине тапшырып, экономикалык билим алган.
Алгачкы эмгек жолун Алай районунда банк адиси болуп баштап, 2016-жылы “КУЭТ” ААКтын филиалы- Ош электр тармактары ишканасынын Алай РЭТине бухгалтер болуп жумушка орношуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.
Энергетика тармагында 10 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Асыл айым, бул тармакка аралашып иштеп калганына сыймыктанат. Анын айтымында, “Энергетикасыз өнөр жай, айыл чарба жана башка көптөгөн тармактардын өнүгүүсү мүмкүн эмес. Ошондуктан, энергетика тармагы өлкө үчүн маанилүү жана анын өсүшүнө таасир этүүчү негизги күч катары каралат.”
Асыл айым жумушунан тышкары коомдук иштерге, аялдарды колдоого, балдардын укугун коргоого багытталган иш-чараларга активдүү катышып келет. Тактап айтканда, Алай райондук аялдар комитетинин төрайымы болуп иш алып барат. Элиме, жериме пайдам тийсин деген каарманыбыз туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу максатында ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келүүдө.
РЭТте иштеп келе жаткан жылдар аралыгында кызыктуу жагдайлар көп болоорун айтат. Айрым учурларда, тескөөчүлөр ооруп жумушка чыкпай калган күндөрү алардын ордуна дебитордук карыздарды топтоп, үймө-үй кыдырып иштеген мезгилдер өткөн.
Алай РЭТинде жалпы 81 кызматкер эмгектенсе аны экөөсү аял киши. Бухгалтер айымдын айтымында, коллективде энергетик мырзалар дайыма айымдарды сыйлап, колдоп турушат.
Асыл Залимбекова 2 уулдун мээримдүү апасы.