Колл - борбор: 105, 1209

ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ АЙЫМДАР

27 Январь 2025 ж.

Кара-Кулжа РЭТинде эмгектенген 5 айымдын бири Мээрим Сапарали кызы.
Ал 1993-жылдын 29-апрелинде жарык дүйнөгө келген. 2009-жылы финансы-юридикалык билим алып, финансист кесибине ээ болгон.
 
 Мээрим айым Энергетика тармагына келип, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинде иш жүргүзүүчү кызматында эмгектенип келе жатканына 10 жылдын жүзү толду.
 
Каарманыбыз жумуш өзүнө аябай жагаарын жана кызыктуу экендигин айтат. Жакында эле, жаңы имарат курулуп, жумушка болгон шыктануу ан сайын күчөгөнүн баса белгиледи.
Мээрим Сапарали кызы 2 баланын мээримдүү энеси. Гүл өстүргөндү жакшы көрөт, ишкананын файесиндеги гүлдөрдүн көбүн өзү өстүрүп алып келген.