Колл - борбор: 105

ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ АЙЫМДАР

14 Сентябрь 2026 ж.

 
Энергетика - чоң жоопкерчиликти, тактыкты жана кесипкөйлүктү талап кылган тармак. Бул тармакта эр-азаматтар менен катар өзүнүн эмгеги, билими жана кесипке болгон берилгендиги менен айырмаланган айымдар да үзүрлүү эмгектенип келишет.
Дал ошондой кесипкөй адистердин бири - 20 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип келе жаткан Бактыгүл Жаантаева, ал Ош электр тармактары ишканасынын Өзгөн РЭТинин башкы инженери.
🔹 Анын энергетикадагы эмгек жолу электр-куруучу кызматынан башталган. Тармактын сырларын тажрыйбалуу устаттардан үйрөнүп, кесиптик тажрыйбасын улам өркүндөтүп келген. Кийин диспетчердик кызматта иштеп, бул багытта 16 жылдык тажрыйба топтогон.
Диспетчердик кызматта ар бир чечим тактыкты жана жоопкерчиликти талап кылат. Электр тармагындагы кырдаалды көзөмөлдөө, авариялык учурларда ыкчам аракет көрүү, электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүгө шарт түзүү - жумуштун маанилүү бөлүгү.
💡 Көп жылдык эмгеги жана тажрыйбасы бааланып, 2026-жылы Бактыгүл Жаантаева Өзгөн РЭТинин башкы инженери кызматына дайындалган.
«Жумушум мен үчүн экинчи үйүмдөй болуп калды», - дейт ал.
Бул сөздөр анын кесипке болгон мамилесин даана сүрөттөйт. Анткени Бактыгүл Жаантаева үчүн энергетика - жөн гана жумуш эмес, өмүрүнүн маанилүү бөлүгүнө айланган кесип.
🔹 Өзүнүн эмгек жолундагы дагы бир чоң жетишкендиги - шакирт тарбиялоо.
Кезинде өзү устаттарынан үйрөнгөн кесиптик тажрыйбасын бүгүнкү күндө жаш адистерге үйрөтүп келет. Ал эми бир кезде өзү окуткан окуучулары бүгүн энергетика тармагында билим алып, кесиптеши болуп, диспетчердик кызматта эмгектенип жатышат.
Бул - кесиптин гана эмес, тажрыйбанын жана устаттык салттын муундан муунга уланып жаткандыгынын белгиси.
👩‍🔧 Энергетикадагы айымдар - үй-бүлөсүнө мээримдүү эне, ошол эле учурда өз кесибине жоопкерчиликтүү адис. Бактыгүл Жаантаева да эки кыз, бир уулдун мээримдүү апасы. Үй-бүлөлүк милдет менен жооптуу кызматты айкалыштырып, өзүнүн кесиптик жолун ишенимдүү улантып келет.
Энергетикадагы айымдар - жарык берүүчү тармактын жаркын жүзү!