Энергетикага 40 жылдык өмүрүн арнаган Мамыр Райымжанов
12 Февраль 2026 ж.
Мамыр Райымжанов энергетика тармагына өмүрүнүн 40 жылын арнаган тажрыйбалуу адистердин бири. Ал 1985-жылы, болгону 21 жаш курагында, “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын релелик коргоо жана автоматика кызматында эмгек жолун баштаган.
Ошол күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин ушул тармакта үзүрлүү эмгектенип келет. Азыркы тапта да релелик коргоо жана автоматика бөлүмүндө иштеп, жаш энергетиктерге өзүнүн топтогон бай тажрыйбасын бөлүшүп, аларды окутуп-үйрөтүп келет. Анын айтымында, энергетика - бул жөн гана кесип эмес, бул чоң жоопкерчилик жана үзгүлтүксүз изденүүнү талап кылган тармак.
«Бул тармакта кесибин чындап сүйгөн, энергетиканын чыныгы фанаттары гана иштей алат. Анткени бул кесип ар дайым окуп-үйрөнүүнү, тактыкты жана коопсуздукту талап кылат», - дейт каарманыбыз.
Мамыр Райымжанов эмгек жолун баштаган жылдардан бери тармакта бир топ өзгөрүүлөр болгонун белгилейт. Ал кезде техникалык жабдуулар аз болуп, айрым учурларда айлык акы убагында берилбей калган кыйын кезеңдер да болгон. Ошого карабастан, ал бир да жолу башка тармакка өтүүнү ойлобогонун айтат. Себеби энергетика анын жүрөгүнө жакын кесип болуп калган.
Бүгүнкү күндө болсо энергетиктер үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Замандын талабына жооп берген жаңы техникалар алынып, эмгек шарттары жакшыртылып, айлык акылар жогорулаган. «Азыр иштейм деген адамга бардык шарт бар», - деп кошумчалайт ал.
Өзгөчө сыймыктанарлык жагдай - анын эки уулу да ата кесибин улап, энергетика тармагында билим алып, учурда эмгектенип жатышат. Бул - кесипке болгон сүйүүнүн жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын айкын далили.
Мамыр Райымжанов сыяктуу өз ишине берилген адистер энергетика тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, кийинки муунга үлгү болуп келишет.