Колл - борбор: 105, 1209

Энергетиктер эгзаменден өтүшүүдө

14 Февраль 2024 ж.

  “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинде техникалык окуулардын бүткөндүгүнө байланыштуу энергетиктер эгзамен тапшырышууда.
 
  Буга чейин, ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматы, ыкчам диспетчердик кызматы тарабынан техникалык коопсуздук эрежелери жана техникалык эксплуатация эрежелери боюнча окуулар жүргүзүлгөн.
 
  Ошону менен биргеликте электр тогунан жабыркаган адамды куткаруу жана ага алгачкы жардам көрсөтүү боюнча ,,МАКСИМ,, тренажерунда жүрөккө кыйыр массаж жана жасалма дем алдыруу боюнча теориялык-практикалык окутуу өткөрүлүп, ар бир кызматкер практика жүзүндө жандандыруу боюнча өз тайжыйбаларын чындашты.
 
  Өткөрүлгөн иш-чаралар энергетиктердин кесипкөйлүгүн жогорулатып, кырсыкты алдын алууну көздөйт.