Энергетиктер экзамен тапшырууну улантышууда
26 Февраль 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Алай РЭТинде жана адмнистративдик имаратында техникалык окуулар ийгиликтүү жыйынтыкталып, кызматкерлер билим деңгээлин текшерүү максатында экзамен тапшырышууда.
Окуулардын жүрүшүндө коопсуздук эрежелери, 1-тез жардам, электр жабдууларын туура пайдалануу, авариялык кырдаалдарда ыкчам аракеттенүү жана эмгекти коргоо талаптары боюнча теориялык жана практикалык билимдер жаңыланды.
Экзамендин негизги максаты - кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу, коопсуз жана сапаттуу электр энергиясын жеткирүүнү камсыз кылуу болуп эсептелинет. Мындай текшерүүлөр энергетиктердин жоопкерчилигин бекемдеп, өндүрүштүк коопсуздукту жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ош электр тармактары ишканасы кызматкерлердин үзгүлтүксүз билим алуусуна жана кесиптик өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп келет.

Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы.