Колл - борбор: 105

Энергетиктер - эл үчүн: 218-кварталда электр менен камсыздоо инфраструктурасы түзүлүүдө

14 Октябрь 2026 ж.

 
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТинин энергетиктери Ош шаарынын 218-кварталында электр мамычаларын орнотуу, аба чубалгыларын тартуу жана монтаждоо иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин аталган аймакта электр энергиясы менен камсыздоого зарыл болгон инфраструктура болгон эмес, калк оз каражаттары менен кустарный методто электр мамычаларды орнотуп электр энергиясын пайдаланып келишкен. Учурда жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзүү максатында 45 даана электр мамычасы жана 9 чакырым зым өткөргүч каралган. Аталган материалдар Ош шаардык мэриясы тарабынан алынып берилген.
Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында энергетиктер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барып, пландалган иштер этап-этабы менен аткарылууда.
Энергетиктер - эл үчүн. Элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган ар бир иш - энергетиктердин күнүмдүк эмгегинин бир бөлүгү.