ЭНЕРГЕТИКТЕР ИШЕМБИЛИКТЕ
20 Февраль 2026 ж.
Бүгүн, 20-февраль “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын жамааты ишембиликке чыгышты.
Ишембилик - бул айлана-чөйрөнү тазалоо гана эмес, коомдогу жоопкерчиликти, жарандык аң-сезимди жана экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталган маанилүү иш-чара. Ушул максатта ишкананын энергетиктери мекеменин аймагын жана ага чектеш көчөлөрдү таштандылардан тазалап, ирээтке келтирүү, кургак чөптөрдү жыйноо иштерин жүргүзүштү.
Иш-чарага бардык түзүмдүк бөлүмдөр жана ишкананын карамагындагы райондук электр тармактары (РЭТтер) активдүү катышып, өз аймактарында тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин уюштурушту.
Мындай демилгелер шаарыбыздын санитардык абалын жакшыртууга гана эмес, кызматкерлердин ынтымагын бекемдөөгө да өбөлгө түзөт. Анткени биргелешкен эмгек - жамааттык биримдиктин жана жоопкерчиликтин көрсөткүчү.
Ош электр тармактары ишканасы мындан ары да коомдук иш-чараларга активдүү катышып, айлана-чөйрөнү коргоо, тазалыкты сактоо жана жашылдандыруу багытындагы демилгелерди колдоону улантат.