Колл - борбор: 105, 1209

Энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

14 Июль 2024 ж.

  14.07.2024. Саат- 21:00
  Бүгүн, 2024-жылдын 14-июлунда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тейлеген 7500 керектөөчү жарыксыз калууда. Маалыматка ылайык бул аймактан 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткен.
  Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган.
  Мындан тышкары Ош шаарындагы сел Ак-Буура дарыясынын боюндагы 1 даана электр мамычасын агызып кеткен.
 Азыркы учурда керектөөчүлөргө башка көмөк чордондон электр энергиясын берүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп жатат.
 6 даана атайын техника - 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор, 1 даана камаз жумушка тартылды.
  Мындан тышкары Ош ЭТИнин кызматкерлери көмөк чордондогу селдин калдыктарын, таштандыларды тазалоо иштерин жеринде жүргүзүшүүдө.