Энергетиктер кызматта
23 Февраль 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Жогорку чыңалуудагы аба тармактары кызматы тарабынан 110 кВ чыңалуудагы ТЭЦ–Кара-Суу аба линиясында (51–52- таянычтар аралыгы, пролет узундугу 300 метр) электр мамысын орнотуу иштери аткарылды.
Аталган тилкеде аба чубалгынын габариттик нормалары сакталбай калгандыктан, коопсуздук талаптарына ылайык зымдардын бийиктигин калыбына келтирүү жана «негабаритти» жоюу иштери жүргүзүлдү. Аталган жумуштардын алкагында энергетиктер тиешелүү өлчөө иштерин жүргүзүп, зымдарды тартуу, электр мамысын орнотуу, бекемдөө иштерин аткарышты.
Бул иштердин негизги максаты - электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүнү камсыз кылуу, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жана жогорку чыңалуудагы линиялардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Ош электр тармактары ишканасы электр тармактарынын техникалык абалын туруктуу көзөмөлдөп, пландуу жана алдын алуу иштерин ырааттуу жүргүзүп келет.

Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы.