Колл - борбор: 105, 1209

Энергетиктер машыгууга активдүү катышты

20 Сентябрь 2024 ж.

  2024-жылдын 18-20-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын күч каражаттарын “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети” темасында команда-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Өткөрүлгөндүгү тууралуу Ош ЭТИнин директору Эмилбек Ысманов маалымдады.
 
 Жарандык коргонууга кирген кызматтарга табигый кырсыктар катталган учурларда жасала турган ыкчам аракеттер боюнча практикалык машыгуулар өттү.
 
 Машыгууга Ош шаарынын аймагында жер титирөө катталгандыгы тууралуу маалыматты алуу, электр энергиясынын системасын калыбына келтирүү үчүн оңдоо иштери көрсөтүлдү.
 
 Машыгууга КРнын Энергетика министрлигинин мобилизациялоо боюнча жетектөөчү адиси Турат Уметов, “КУЭТ” ААКтын 1-бөлүмдүн башчысы Данияр Байдөбөтов, Ысык-Көл ЭТИнин 1-бөлүмүнүн башчысы Зарина Итимбаева жана Ош ЭТИнин 1-бөлүмүнүн башчысы Динара Мырсабекова, ошондой эле Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоо, Ош РЭТтеринин жана облус боюнча Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Чоң-Алай РЭТтеринин энергетиктери активдүү катышты.
 
  Машыгуулардын соңунда, Ноокат РЭТинин башчысы Улан Мурзамидин уулу жана Сулайман-Тоо РЭТинин башчысы Данияр Кадырбердиев Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланышты.
 
  Республикалык деңгээлде өтүп жаткан машыгуунун максаты Жарандык коргонуу иш мерчемдеринин тактыгын жана аныктыгын текшерүү, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар шартында даярдыкты чыңдоо болуп саналат.