Колл - борбор: 105, 1209

Энергетиктер сыйланды

26 Июль 2024 ж.

  Ош облусунда биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды. Анын соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, облуста болгон сел жана кырсыктардын кесепеттерин жоюуда күнү-түнү кызмат кылган энергетиктерге «Ыраазычылык катын» тапшырды. Алардын эмгеги баса белгилеп, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.
 
   Ыраазычылык каты менен “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженери Марат Раймалиев, Ноокат РЭТинин башчысы Уланбек Мурзамидин уулу, Кара-Суу РЭТинин башчысы Мухаммед Адылбек уулу сыйланышты.
 
  Эсиңиздерге сала кетсек, ушул жылдын жай айларында катталган катуу селдин кесепетинен Облус аймагында бир топ электр чубалгылары жабыркап, электр тирөөчтөрүн сел агызып келген. Райондук электр тармактары жеринен ыкчам иш алып барып, энергообъектилерди калыбына келтирип, элге үзгүлтүккө учураган жарыкты калыбына келтирип беришкен.
Энергетиктердин эмгегин баалаган Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө Ош ЭТИнин энергетиктери ыраазычылыктарын билдиришет!