Колл - борбор: 105, 1209

Энергетиктер жаңы технология багыты боюнча окутулууда

13 Май 2025 ж.

“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын “Релелик коргоо жана автоматика кызматынын” кызматкерлери трансформатордун коргоочу терминалдарын колдонуу боюнча окуудан өтүп жатышат.
Орусия өлкөсүнүн Новосибирс шаарында жайгашкан “Микропроцессордук технология” заводунун Кыргызстандагы филиалынын директору Исраилов Тилек Абдылдаевич, заводтун Казакстандагы инженери-Алимбаев Назарали Сакенулы терминалдарды колдонуу ыкмалары боюнча үйрөтүшүүдө.
Жогоруда айтылган Алтей УЗТ, Алтей 01, Лютик, Лайм, Ирис аталышындагы терминалдар, Ош электр тармактары ишканасынын 110/10кВ “Бүлөлү” , 110/35/10 кВ “Ноокат”, жана жаңы курулуп жаткан 35/10 кВ “Кулатов” көмөк чордондорунда колдонулат.
Бул терминалдар, аба чубалгылардагы кыска туташуудан башкача айтканда кыска авариялык жагдайларды алдын алат.