Энергетиктердин балдары лагерге жөнөп кетишти
18 Июнь 2025 ж.
“КУЭТ” ААКтын филиалы — Ош электр тармактары ишканасынын “Профсоюз” уюму тарабынан уюштурулган жайкы балдар үчүн лагерге мекемеде эмгектенген кызматкерлердин балдары жөнөп кетишти.
Жалпы 160 бала Ош облусунда жайгашкан кооз жаратылыштуу “Чыңгараев” эс алуу лагеринде эс алышат. Лагерде балдар үчүн түрдүү оюн-зоок программалары, спорттук мелдештер, чыгармачылык иш-чаралар, билим берүүчү кружоктор каралган.
Бул демилге кызматкерлердин балдарына жайкы эс алууну көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүп, достук мамилелерди чыңдоого, ден соолукту бекемдөөгө жана жаңы жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
Ишкана жетекчилиги жана профсоюз уюму мындай саамалыктар менен жаш муундун өнүгүүсүнө кам көрүүнү камсыздашат.