Колл - борбор: 105

Энергетиктердин ден соолугу текшерилди

21 Сентябрь 2026 ж.

 
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык медициналык текшерүүлөр уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы №314 Жарлыгы менен бекитилген «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын “Саламат жүрөк” Улуттук программасы» жана 29-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата иш-чаралардын алкагында кызматкерлердин ден соолугун текшерүүдөн өткөрүү каралган.
Бул иш-чаранын негизги максаты - жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу, кан басымы жогору болгон жарандарды эрте аныктоо жана ден соолукка көңүл бурууга чакыруу.
Аталган иш-чаранын алкагында Ош электр тармактары ишканасынын кызматкерлери профилактикалык медициналык текшерүүдөн өтүштү.
⚡️ Энергетика тармагында кызматкерлердин коопсуздугу менен катар алардын ден соолугуна кам көрүү да өзгөчө мааниге ээ. Күн сайын жооптуу жана тынымсыз эмгекти талап кылган тармакта иштеген адистер үчүн ден соолукту үзгүлтүксүз көзөмөлдөө - өз убагында алдын алуу чараларын көрүүнүн маанилүү бөлүгү.