Араван районунун тургундары быйылкы жылы райондо жарык үзгүлтүккө учурабай, авариялык кырдаалдар дээрлик катталбаганын айтып энергетиктерге ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле, кошумча трансформаторлор коюлуп, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын кошумчалашты.
 
 
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Араван РЭТинде 2023-жылга карата пландын негизинде көп жумуштар жасалган.
 19 жаңы трансформатор орнотулуп, 5 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылган. 10кВ аба чубалгысынан 2,5 км, 0,4кВ аба чубалгысынан 10,4кмге узартылган.