Колл - борбор: 105, 1209

Кар кечип, муз жарган энергетиктер

20 Февраль 2024 ж.

  “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинин энергетиктери 35/10кВ "Көк-Бел" көмөк чордонунан чыккан 10 кВ "Телевышка" аба чубалгысында жаралган авариялык кырдаалды жөнгө салышты.
 
     "Көк-Бел" аймагынын устаты электр куроочулар менен биргеликте авариялык кырдаалга ыкчам реакция кылып, унаа барууга мүмкүн болбогон жерлерге жөө чыгып барышып, үзүлгөн аба чубалгыларын улашкан.