Колл - борбор: 105, 1209

Кара-Кулжа РЭТи күз-кыш мезгилине 80% даяр

11 Сентябрь 2025 ж.

Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында министрликтин койгон тапшырмасына ылайык Кара-Кулжа райондук электр тармактары күз-кыш мезгилине даярдык иштерин улантууда. Бүгүнкү күнгө карата даярдыктын деңгээли 80%ды түздү.
Утурумдук оңдоо иштеринде
Район боюнча жалпы РЭТтин карамагында 295 даана көмөкчү чордон (ТП, КТП) бар. Алардын баары толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларында оңдоо иштери жасалды:
• 10 кВ аба чубалгысынын 194,46 чакырымында оңдоо иштери жасалды.
• 0,4 кВ аба чубалгысынын 332,09 чакырымы оңдолду.
Капиталдык оңдоо иштери боюнча:
Күз-кышка туруктуу даярдык үчүн капиталдык оңдоо иштерине да өзгөчө маани берилди
• Бардыгы 30 даана ТП жана КТП каралып, толугу менен жаңыртылды.
• 10 кВ аба чубалгысынын 41,45 чакырымы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Жаңы курулуш жана кеңейтүү иштерине да көңүл бурулуп жатат.
• 10 кВ жаңы аба чубалгысынын 0,60 чакырымы курулду.
• 0,4 кВ жаңы аба чубалгысынын 1,80 чакырымы тартылып, кошумча 1 даана жаңы көмөкчү чордон орнотулду.
• 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо боюнча 4,16 чакырым иш пландалган, анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 1,7 чакырымы бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, энергетикалык жабдууларды жаңылоо боюнча бир катар иштер жүргүлүздү:
• 2 күч трансформатору жана шкаф КТП алмаштырылды.
• 2025-жылга карата жалпы 252 электр мамычасын орнотуу пландалган болсо, анын ичинен 200 даанасы бүгүнкү күндө орнотулуп бүттү.
Бул иштер толук аткарылып бүткөн соң, Кара-Кулжа районунун калкы электр энергиясын үзгүлтүксүз жана туруктуу алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кыштагы катуу суук жана жүктөм көп болгон учурда да электр тармактары ишенимдүү иштеп, авариялык өчүүлөрдүн саны азаят. Жаңы курулуштар менен реконструкцияланган чубалгылар электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жогорулатса, алмаштырылган трансформаторлор жана жаңы мамычалар коопсуздукту камсыз кылат. Натыйжада, район тургундары үчүн ыңгайлуулук жана ишенимдүү энергия менен камсыздоо шарттары түзүлөт.
☎️Эгерде сизде электр энергиясына байланыштуу суроолор болсо күнү-түнү иштөөчү колл-борборго кайрылыңыздар:
Колл-борбору : 105; 1209;
0772001209,
0556001209,
WhatsApp 0702001209