Кара-Кулжа РЭТинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
2 Март 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинде энергетиктерге жыйын өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ЭТИнин “Биринчи” бөлүмүнүн башчысы Динара Мырсабекова жана Кара-Кулжа райондук администрациясынын коргонуу коопсуздук, укуктук тартип, өзгөчө кырдаалдар жана коррупция боюнча жетектөөчү адиси С.Б.Маткадыров коррупция түшүнүгү, анын коом жана мамлекет үчүн тийгизген зыяны, ошондой эле 2024-жылдын 31-декабрындагы №209 «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын негизги жоболору боюнча кеңири маалымат беришти.
Иш-чаранын соңунда кызматкерлер мыйзамды билбегендиги жоопкерчиликтен бошотпой тургандыгы эскертилди. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жана интернет тармагында жарыяланган түшүндүрүүчү роликтер менен таанышып туруу сунушталды.
Жыйын катышуучулары сак болууга чакырылып, пара берген адам да, пара алган адам да мыйзам алдында бирдей жооп берери белгиленди. Жыйынга Кара-Кулжа РЭТинин жетекчилиги, кызматкерлер жана жалпы энергетиктер катышышты.