Колл - борбор: 105

Кара-Кулжа РЭТинде күз-кышка даярдык иштери жүргүзүлүүдө

17 Август 2026 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинде электр энергиясын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу, жоготууларды азайтуу, ошондой эле электр тармактарын жакшыртуу багытында бир катар иштер аткарылууда.
Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана жоготууларды кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында техникалык жоготууларды азайтуу максатында 0,4/10 кВ электр тармактарындагы аба чубалгыларды алмаштыруу жана чыңдоо, фидерлер боюнча фазаларды теңдештирүү, электр линияларын бак-дарактардан тазалоо жана башка өндүрүштүк иштер аткарылууда.
Электр тармактарын оңдоо жана жаңылоо иштери
Кара-Кулжа райондук электр тармактарынын 2026-жылга түзүлгөн иш планына ылайык, жылдын биринчи жарым жылдыгында учурдагы жана капиталдык оңдоо иштеринин планы толугу менен аткарылды.
Катардагы оңдоо иштеринин алкагында:
•10 кВ аба чубалгылары боюнча 125,49 км оңдоо иштери жүргүзүлдү.
•0,4 кВ аба чубалгылары боюнча 225,96 км жумуш аткарылды.
•135 даана трансформатордук подстанцияда оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 10 кВ аба чубалгыларынын 14,16 км бөлүгүндө жана 15 даана көмөкчү чордондо оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Ал эми капиталдык курулуш багытында 0,4 кВ аба чубалгыларын куруу боюнча план 0,7 км болсо, иш жүзүндө 0,9 км аткарылды. 10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо боюнча 4,4 км планга каршы 5,31 км жумуш аткарылды.
Жалпысынан 100 даана электр мамысы орнотулду.
Кара-Кулжа райондук электр тармактары тарабынан электр энергиясын ишенимдүү жеткирүү, тармактардын техникалык абалын жакшыртуу, жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.