Колл - борбор: 105, 1209

Кара-Кулжа РЭТине жаңы имарат курулат

22 Март 2024 ж.

 “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинин жаңы заманбап имаратын куруу иштери башталды
 
 Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев өткөн жылдагы Ош ЭТИне болгон иш сапарынынын алкагында, РЭТтин административдик имараты менен жеринен таанышкан. Имараттын эскилиги жетип, авариялык абалга кептелгендиктен, жаңы имарат куруу боюнча Ош электр тармактары ишканасынын жетекчилигине тапшырма берген.
 
 Учурда башталган куруу иштери жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, РЭТтин энергетиктери жаңы имаратта жумушун улантышмакчы.