Колл - борбор: 105, 1209

Кара-Суу райондук электр тармактары “2023-жылдын мыкты ишканасы” номинациясы менен сыйланды

19 Январь 2024 ж.

 Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана жигердүү эмгеги үчүн “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи “Жылдын мыкты ишканасы” деп табылды.
 
 Кара-Суу РЭТи боюнча 2023-жылга карата пландуу ремонттук иштер дээрлик баары аткарылып, 16 даана кошумча трансформатор орнотулган. Ошондой эле, ашыкча жүк менен иштеген 8 даана трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторго алмаштырылган.
 
 Ишкана Кара-Суу району боюнча 4900 калк эмес керектөөчүнү жана 64100 калк керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыздайт.