Кара-Суу районунда энергетиктер темир бетон мамычаларды орнотуп жатышат
8 Апрель 2026 ж.
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Отуз-Адыр айылында “КУЭТ” ААКнын - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинин энергетиктери эскилиги жеткен жыгач мамычалар жаңы темир бетон мамычаларга алмаштырып жатышат.
Мындан тышкары, Кара-Суу РЭТинин капиталдык оңдоо иштеринин алкагында трансформатордук пункттар (ТП, КТП) боюнча пландагы 14 объект толугу менен жаңыланып, 100%га аткарылды. Ошондой эле жогорку чыңалуудагы (6-10 кВ) аба чубалгыларынын 3,5 чакырымы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Утурумдук оңдоо иштери да жогорку көрсөткүчтөр менен аткарылды. Жалпысынан 209 даана ТП, КТП оңдолуп, план 100% ды түздү. Мындан тышкары:
-0,4 кВ төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгыларынын 70,43 чакырымы,
-6-10 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын 197,39 чакырымы
утурумдук оңдоодон ийгиликтүү өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, оңдоо иштеринин жүрүшүндө электр чубалгыларынын коопсуздугун камсыздоо максатында алардын астындагы дарактарды бутоо жана кыркуу иштери да үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.
Бул иштердин бардыгы - элди үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жасалууда.