Кара-Суу районунда кабелдик чубалгылар жаңыланууда
28 Июль 2025 ж.
“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинде электр энергиясын жеткирүүчү инфраструктураны жаңыртуу багытында иш-аракеттер уланууда.
Тактап айтканда, Кара-Суу РЭТинин Кара-Суу көмөк чордонунан чыккан «Коммунальный-1» 6 кВ жана «КСХТ» 6 кВ фидерлеринин кабелдик линиялары реконструкцияланып, 500 метрден 1 чакырымга чейин кабель алмаштырылды.
Бул иштер Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашырылып жатат. Эскирген кабелдердин ордуна заманбап, жогорку сапаттагы кабелдердин орнотулушу – электр энергиясынын туруктуулугун камсыздоого, авариялык өчүрүүлөрдү кыскартууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртууга багытталган.
Кара-Суу району – калкы тыгыз жашаган, экономикалык активдүү аймактардын бири болуп саналат. Андыктан энергетикалык тармакты модернизациялоо жана кубаттуулукту жогорулатуу – калктын жашоо сапатына түздөн-түз таасир этет.
Бул реконструкциялоо иштери Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган кеңири масштабдагы реформалардын алкагында, Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылууда.