Колл - борбор: 105

Кара-Суу районунун энергетиктери өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордо активдүү иш алып барууда

1 Август 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү, заманбап инфраструктураны калыптандыруу жана калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында өлкө боюнча кеңири масштабдагы жол куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда энергетиктер зор салым кошуп келет.
“КУЭТ” ААКнын филиалы – Ош электр тармактары ишканасы өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги долбоорлорго активдүү катышып, жол куруу иштеринин өз убагында жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү менен бирге электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун сактоо боюнча комплекстүү иштерди аткарууда.
Кара-Суу РЭТинин энергетиктери район аймагындагы электр берүүчү аба чубалгыларын жана электр мамычаларын (энергообъекттерди) жылдыруу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
2026-жылдын башынан бери Кара-Суу районунун бир катар айылдарында жана Кара-Суу шаарында электр мамычаларын көчүрүү иштери аткарылды. Атап айтканда:
• Учкун айылында - 8 даана 0,4 кВ электр мамычасы;
• Асанчек айылында - 5 даана 0,4 кВ электр мамычасы;
• Ачы массивинде - 5 даана 10 кВ электр мамычасы көчүрүлдү;
•Таширов айылында 10 кВ аба чубалгысында - 2 даана мамыча, ошондой эле КТП-837ден чыккан 0,4 кВ аба чубалгысында 2 даана мамыча жылдырылды;
• Мөнөк айылында - 21 даана;
• Кенже-Көл айылында - 16 даана;
• Коңурат айылында - 23 даана;
• Эркин айылында - 25 даана;
• Киров айылында - 30 даана;
• Тельман айылында - 28 даана;
• Ак-Таш айылында - 18 даана;
• Кара-Суу шаарында - 35 даана электр мамычасы көчүрүлдү.
Жалпысынан Кара-Суу РЭТи тарабынан жыл башынан бери:
🔹 10 кВ чыңалуудагы 3,7 чакырым аба чубалгысы боюнча 84 даана электр мамычасы;
🔹 0,4 кВ чыңалуудагы 7,2 чакырым аба чубалгысы боюнча 188 даана электр мамычасы жаңы орундарга көчүрүлдү.
Ош электр тармактары ишканасы мындан ары да өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик демилгелерди ишке ашырууга өз салымын кошуп, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү мекемелер менен тыгыз кызматташтыкта калкты сапаттуу, коопсуз жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо багытындагы иштерди улантат.
Мындан тышкары, Ош электр тармактары ишканасы тарабынан Кара-Суу районунда күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштери үзгүлтүксүз улантылууда✅
✍️ Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы.