Колл - борбор: 105, 1209

Кара-Суу РЭТинде күз-кыш мезгилдерине карата ремонт иштери уланууда

25 Август 2023 ж.

Кара-Суу РЭТинде күз-кыш мезгилдерине карата ремонт иштери уланууда
 
Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Ордо айылында 547-көмөк чордонунун кубаттуулугун бөлүштүрүү максатында жаңы трансформатордук көмөк чордон орнотулууда.
Азыркы тапта жогорку чыңалуудагы аба чубалгыдан 8 электр мамычасы орнотулду. 0.4 кв элге керектөөчү аба чубалгыларында, 19 даана электр мамычасы орнотулуп, аба чубалгылары тартылды.
Мындан тышкары Кызыл-Ордо айылында август айынын аягына чейин дагы 2 трансформатор коюлат. 
Аткарылып жактан жумуштар күз-кыш мезгилдерине энергообьектилерди даярдоо иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.